Ал биздин жашообузду жаңы ыргакка салды - bbc news кыргыз кызматы

Ал биздин жашообузду жаңы ыргакка салды - bbc news кыргыз кызматы

Play all audios:


АЛ БИЗДИН ЖАШООБУЗДУ ЖАҢЫ ЫРГАККА САЛДЫ 12 декабрь 2018 БЕЛГИЛҮҮ ФРАНЦУЗ КИНОДОКУМЕНТАЛИСТИ ПЬЕР ФРЮЖЬЕ БИЗДИН ДАҢКТУУ ДҮЙНӨЛҮК ЖАЗУУЧУБУЗ ЖӨНҮНДӨ АКЫЙКАТТУУ ЖАНА ТААМАЙ АНЫКТАМА БЕРГЕН


ЭКЕН: "КЫРГЫЗСТАНДЫН ДҮЙНӨГӨ БЕРГЕН ЭҢ МЫКТЫ БЕЛЕГИ БУЛ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ". ДҮЙНӨНҮН ААЛЫМДАРЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ Кыргыз зл жазуучусу, окумуштуу, сынчы жана профессор Кеңешбек


Асаналиев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл тагдырына анализ берип келип: «Ч.Айтматовдун өмүрү көп улуттуу совет адабиятынын тарыхындагы эң бир драмалуу, ал турмак трагедиялуу чыгармачылык


тагдыр деп ойлойм. Отуз жыл бою дээрлик «жети баштуу» эки желмогуздун (Советтик тоталитардык идеологиясы жана жазуучунун ички карама каршылык сезими - авт.) ортосунда жашоо, анан «экөөнөн»


тең аман калуу, кандай күчтү, кандай эркти талап кылат»,- деген аныктамасына толугу менен кошуламын. Кыргызстандык белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы,


окумуштуу-адабиятчы, академик Абдыганы Эркебаевдин ою боюнча, жалпысынан алганда Ч. Айтматов мүнөзү боюнча тынчтыкты сүйгөн, ынтымактын даанакери, жаратман, жаңычыл жана реформатор болгон.


Чынында ал кыйратуучу жана революциячыл эмес эле. 1990-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде Кыргызстандын биринчи президентин шайлоо учурунда бир топ депутаттар Ч. Айтматовго кайрылышып,


анын талапкерлигин президенттикке коюуга суранышканда, ал ага макулдугун бербей койгон. Бул анын көсөмдүгү болгон жана өзүнүн мүнөзүнө төп келген элчилик кызматта кала берүүнү туура деп


тапкан. Россиялык окумуштуу-адабиятчы, профессор Георгий Гачевдин аныктамасы боюнча: «Сүрөткер-ойчул Ч. Айтматов алгачкы коомдон азыркы заманга чейинки тарыхтын катмарларын талдап, өзгөчө


мезгилдердин да, мейкиндиктин да айкалышына жетишти. Ал Евразия жазуучусу катары Чыгыш жана Батыш элдеринин турмушу менен көз караштарын түшүнгөндүктөн алардын адабий салттарын бириктирген.


Глобализациянын теңдемелентүү тенденциясына карама-каршы Чыңгыз Айтматов жана анын жараткан өзгөчө көркөм дүйнөсү, кичине этнос чыгармачылыкта канчалык үзүрлүү болоорун далилдеди, ошондой


эле адамзатка ар-кайсыл калктар менен биргеликте көп кырлуу улуттук маданияттардын сакталышына кам көрүү зарылчылыгын даңазалады». Жарнама Россия Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу


институнун директору, академик, тарыхчы Ростислав Рыбаковдун пикиринде: «Чыңгыз Айтматов адамдардын көңүлүн өзү аркылуу гана эмес, чыгармалары, аң-сезими, ой-туюму, акыл парасаты менен


арбаган улуу адам... Улуу жазуучунун күнүмдүк турмушка, аялзатына, наристелерге кам көрүүсү, Индияны изилдеген адам катары мен үчүн өтө маанилүү жана жагымдуу. Индиялыктар дагы Ч. Айтматовду


өтө жогору баалашат. Жазуучунун чыгармаларында адам жаратылышка каршы коюлбайт, тескерисинче, жаратылыштын бир бөлүгү болуп эсептелет, жаратылышты багындырбайт, багындырса да ал анын


негизги милдетине кирбейт... Ч. Айтматов кыргыз жана орус жергесинде гана эмес, бүткүл дүйнөгө, ааламга даң салган, жаңы жол ачкан улуу устат, улуу инсан боюнча калды». Skip Эң көп


окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * Израил Иранга сокку урду. АКШ буга тиешеси жок экенин билдирди * "Байкалбаган инфаркт" кандай болот? * "Шаарды мигранттар


курган. Биз душман эмеспиз". Лос-Анжелес депортацияга каршы кантип көтөрүлдү? * Диабет деген эмне жана андан кантип сактаныш керек? End of Эң көп окулгандар Чыңгыз Aйтмaтовдун досу,


жазуучу Россиянын Сүрөтчүлөр Академиясынын вице-президенти Андрей Золотов минтип эскерет: "Биз үчүн Ч. Aйтмaтов ыйык сүрөт (икона) эмес. Ал улуу жазуучу, биздин дос, биздин мугалимибиз.


Бул адам биздин жашообузду кайра курган жок, анын ыргагын кайра ыктады". * Иранга советтик элчи болуп барган Жусуп Абдрахманов Россиялык адабиятчы, академик Рустан Рахманалиевдин


пикиринде, «Айтматовдун гениалдуулугу, бул дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллигент болушу менен, дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын


өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдардын жетекчилигин алып баргандыгында. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен, өзүнүн айтканы


боюнча: "өтүп кеткен этап деп токтоп калбай, жеке өзүм изденем, бирок табылгаларым баарына таандык» . Дагы бир россиялык окумуштуу-философ, профессор Эвелина Боровицкаянын көз


карашында: «Ч. Айтматов өзү калгандардан көп билген адамды туюнткан. Ал биздин дүйнөдөн бөлөк да ааламды билгендей сыяктанган. Ошондуктан, Чыңгыз күчтүү байтерек сыяктанып, салабаттуу жана


салмактуу экендигин сездирип турган». Италиядагы опера жана поэзия эл аралык институттун вице-президенти, Аугусто Фортинин эскерүүсүндө: "Дүйнөлүк масштабдагы феномен Ч. Айтматов


айткандай, Батыш менен Чыгыштын улуттук маданияттарынан түзүлгөн мозаика дүйнөнү бир алкакка бириктириши керек. Алгачкы ирээт Ч. Айтматовду Париждеги өзүмдүн үйүмдө жолуктурганым даана


эсимде сакталган. Ал келбеттүү адам эле, анын жүзүнөн терең интеллектуалдык акыйкаттыкты, өз идеяларына, адамкерчиликке жана жакшылыктуулукка туруктуу мамилесин окууга мүмкүн болгон".


Немец публицисти жана окумуштуусу, профессор Ирмтрауд Гучке мындай деп белгилеген: "Бүгүнкү күндө мындай чоң масштабда ойлонгон жазуучуну табуу кыйын. Өзүнүн чыгармалары менен Чынгыз


Айтматов өз элине кызмат кылган. Ал Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн. Ошондуктан ал дүйнөлүк маанидеги жазуучу болгон, анткени анын темасы бүтүндөй дүйнө эле.


Биздин дүйнө: Биз кай тарапка баратабыз, кандай коркунучтарга кабылабыз?,-деген суроолорго жооп издеген. Элди алаксыткан жазуучулар менен салыштырмалуу, Айтматовдун үнү келечегибиз үчүн


жоопкерчиликке чакырган". Венгриянын Илимдер Академиясынын илимий кызматкери, доктор Даут Шофмаи Кара: "Ч. Aйтмaтoвдун «Жaмийлa» деген повести мaжaр тилинe oрус тилинен которулган


биринчи китеби 1963-жылы жарык көргөн. Анын чыгармалары «Кыямaт» романына чейин орус тилинен алынып үзүлбөй бaсылып тургaн. Айтматов 2006-жылы Венгрияга келип, китеп жарманкесине катышып


жергиликтүү окурмандары менен жолугушуп, баарлашуусунун артынан бир жaрым сaaт алардын 1960-жылдaрдaн бeри сaктaп жүргөн өзүнүн китeптерине кoл тамгасын кoйгон. Ошондо кeзeк көпкө чейин


кыскарган жoк. Кийин «Кaйрылып куштaр кeлгeнчe» aңгeмeсин жана «Чыңгызxaндын aк булуту» дeгeн пoвeстин биринчи жолу кыргыз тилинен мажар тилине которуп, 2007-жылы басмадан чыгарган элем.


Чыңгыз ага кoтoргoнум үчүн мага ыраазычылыгын aйтып, ошол китeптин бирине кoл тамгасын кoюп бeргeн. Азыр ал китeпкaнaмдын эң бaaлуу китeптeринeн болуп сaнaлaт". Монгол окумуштуусу,


искусствовед, профессор Жамиян Долгорсурэн мындай дейт: "Монгол эли кыргыздын белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовду жакшы билишет жана чын ниеттен анын чыгармачылыгын жактырышат.


Калыстык жана эмгекчилдик, өз жерине, мекенине болгон умтулуу жана сүйүүнү көркөмдөп чагылдырылган "Жамиля", "Кызыл жоолук жалжалым", "Биринчи мугалим",


"Ботокөз" аттуу чыгармалары монгол тилине 1960-жылдары эле которулуп, биздин окурмандары таанышышкан. Өзүм жөнүндө айтсам, мен мектептен эле баштап Чыңгыз Айтматовдун


чыгармаларында тарбиялангамын. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул Монголияда түрк цивилизациясын жана маданиятын таркатуудагы дипломат, көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын


ролу зор". Түркиялык адабият таануучу, профессор Рамазан Коркмаз: «Чыңгыз Айтматовдун ийгиликтеринин эң маанилүү жагдайы бул анын салттык жана улуттук баалулуктарды ааламдык келечек


өңүтүндө түшүндүрүү жөндөмдүүлүгүндө. Ал адамзаттын аң-сезиминде шам сыяктуу көрүнүшү, анын өзүнүн инсандык насилинин акылкөйлүгүндө». "Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана адам


катары Түркияда абдан баалашат. Бүткүл дүйнөлүк коомчулукка караганда бизде анын баалулугу чоң десек болот. Анткени, анын чыгармалары бул - Анатолиянын жана бардык түрктөрдүн чыгармалары.


Жазуучунун кайсыл гана чыгармасын алба, ар бирине сонун тасма тартса болот. Түрк тилдүү элдер чоң кызыгуу менен көрөт деген ойдомун",-дейт Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук


жалжалым" аттуу чыгармасы боюнча түрк тасманын тарткан режиссеру Ариф Кескинер. Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Эртугрул Гүнай: "Чыңгыз Айтматов Түрк маданият


дүйнөсү үчүн маанилүү бир ысым, ошону менен бирге чыныгы маданият элчиси эле. Түрк тилин жана маданиятын таанытууда эбегейсиз ийгиликтерге жетишкен адамды таанып-билип, чыгармаларын окуу


бардыгыбыз үчүн чоң бакыт эле". Түркмөнстандын эл артисти, кинорежиссер Ходжокули Нарлиев мындай деп эскерет: "Бир күнү, мен Чыңгыз Айтматовго менин эрким болсо, сизди бүткүл


дүйнөнүн президенти кылып дайындамакмын дегенмин. Ошондо сиз өзүңүздүн чыгармаларыңыздардан да көп нерсени жасамаксыңар. Чыгармаларыңыздагы ойлоруңузду адамдарга көбүрөөк


жеткирмексиңер". Менин оюмча, ал бактылуу мезгилде туулуп-өскөн, анткени искусствонун дагы бир сонун түрү кинематограф жаралып, түптөлүп калган кез эле. Айтматовдун дээрлик көп


чыгармалары экрандаштырылган". Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарыхчы, профессор Акбар Турсунов айткандай: "Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, түрк


дүйнөсүнүн да, иран дүйнөсүнүн да сыймыгы". Тажикстан эл акыны Мумин Канат: «Чынгыз Айтматов XX кылымдын Евразиядагы ар тарабы төп келген жетилген көркөм калемгер» , деп мүнөздөмө


берсе, украин эл акыны Иван Грачтын баамында, Ч. Айтматов миңжылдыктардын тогошуусунда дүйнө адабиятындагы улуу ачылыш болуп эсептелет. Ал Чыгыштагы орус адабиятынын классиктери Николай


Гоголь, Михаил Булгаков жана латынамерикалык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жөрөлгөлөрүнүн улантуучусу". Грузиялык жазуучу, советтик, кийинчерээк россиялык "Дружба народов"


аттуу элдик адабий журналынын редактору Александр Эбаноидзе мындай деп эскерет: "Ч.Айтматов ал кезде (1958-1991жж.-Д.С.) чындыгында эле улуу орус адабиятынын көп белгилүү жазуучуларын


түртүп (сүрүп) чыгарган. Чыңгыз Айтматов өзүнүн өлкөсү үчүн Европада дипломатиялык кызматта патриоттук менен кызмат кылган. Анын бардыгы Кыргызстанды Айтматов аркылуу таанытуу болгон. Ушул


адамды баалаган үчүн, мамлекетти сыйлашкан. Жазуучу кайтыш болгондо) мен некрологго мындай деп жаздым: "Кош бол, кыргыз, орус жана дүйнөлүк адабияттын илбирси - Чыңгыз Айтматов".


ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор (1987-1999жж.) мындай деп эскерет: "ЮНЕСКО тараптын калкасында өткөрүлгөн "Манас-кыргыз маданиятынын маңызы (ядро)" болгон


"Манас" эпосунун 1000-жылдыгын белгилеген аземиндеги Ч.Айтматовдун жүзүндөгү жылмаюусун унутпайм. Маданият - биздин эркиндиктин даражасын чагылдырып, биздин аракеттерибиздин түрткү


болгонунуна өтө бактылуу болгон. Бул Ч.Айтматовдун негиздүү концепциясы болгон. Достор, ал жөнүндө айта берсек чексиз, бирок, ЮНЕСКОнун экс-президенти катары, дүйнөлүк гражданини катары,


айтаар элем: ал лидер болгон, анын миссиясын биз ишке ашырышыбыз керек. Мурдагыдан да чечим алып бийлегенде эмес, бар болуп күн көрүүдө экенине баарын көптөн-көп ишендиришибиз керек.


Тилектештикте болуп, улуу-кичүү дебей баардыгыбыз биригишибиз керектигине ишендиришибиз керек. Жалгыз жол ушул. Биз физикалык күчтү акыл-эске айлантып, жаңы тилектерибизди жаңы жетишкендик


кылып орундатышып, бардык нерсени тынчтык жолу менен чечишибиз керек. ЮНЕСКОнун (1999-2005-жж.) баш катчысы Каичиро Мацууро: «XX кылымдын адабиятынын классиги, Чынгыз Айтматов көп жылдар бою


ЮНЕСКО менен тыгыз алакада кызматташкан. Ал талыкпай зомбулукка каршы чыгып, адамзаттын уникалдуу көп кырдуу маданияттарын сакташ үчүн цивилизациялардын баарлашуусуна чакырган".


Кытайлык окумуштуу профессор Шы Жиншию: " Кытайда 1958- жылы алгач Ч. Айтматовдун "Жамиля" чыгармасы кытай тилине которулуп, басмадан чыккан. Азыркы мезгилге чейин, жазуучунун


дээрлик баардык чыгармалары, публицистикалык макалалары, интервьюлары кытай тилине которулуп окуурмандарга тартууланган. Жакында мен өзүм "Айтматов Кытайда" деген 300 беттен


турган китеп жазып, жарыяладым . Дагы бир кытай изилдөөчүсү Алижана Абдыкеримдин маалыматтары боюнча: Айтматовтаануу илими Кытайда (Жуңгууда) 1980-чи жылдардан бери жаңы денгээлге көтөрүлө


баштаган, биртоп табылгалар жаратылды. Ошол жылдардан бери илимий гезит-журналдарда 340 тан ашык илимий - популярдуу макалалар жарык көрдү. Жогору окуу жайларында Ч. Айтматовдун чыгармаларын


изилдеген эки доктордук эмгек жакталды. Биринчиси, 2005-жылы Лан-жуу университетинин докторанты Жу-чин Миндин "Багымындын фразасы жана Совет орус адабияты" деген темадагы


докторлук диссертация корголгон. Экинчиси, 2013-жылы Шан-Хай чет эл университетинин докторанты Юн-ху Мунун "Айтматовдон Ленинге чейин мифтик эпос орус жана кытай адабиятында" деген


докторлук эмгеги корголгон. Мындан бөлөк айтматовтаануу боюнча 27 магистрдик илимий диссертациялар корголуп, жарык көрдү. Кытай Эл Республикасынын маданият министри Цай Унун пикири боюнча


«Ч. Айтматов - кыргыздын эле жазуучусу эмес, адамзаттын улуу жазуучусу. Анын чыгармаларын кытай окуурмандары өтө сүйүп окушат. Ал биздин элдерди гумандуулукка чакырып, ошол аркылуу адамдарды


жакындатып бириктирип турат» . Египеттик окумуштуу, доктор Ахмед Сами Элайдинин маалыматы боюнча: "Араб окуурманы жазуучунун чыгармалары менен биринчи жолу Москвадагы


"Прогресс" басмасында 1977 -жылы араб тилинде жарыяланган "Ч. Айтматовдун тандалган аңгемелери" аттуу китеби менен таанышкан. Кийинчерээк, 1981-жылы, египеттик котормочу


Абу Бакр Юсуф "Ак кеме" жана "Деңиз бойлогон ала дөбөт" романдарын которуп жарыялаган. Араб окуурманына жазуучунун адабий чыгрмачылыгы менен кененирээк таанышыш үчүн


мүмкүнчүлүк берген, анткени азыркы убакта Ч.Айтматовдун бардык чыгармалары араб тилинде басып чыгарылган. Ч.Айтматовго арналган көптөгөн изилдөөлөр бар. Белгилеп кетсек, Египетте "Улуу


кыргыз Ч.Айтматов - орус адабиятына терезе" деп ачык-айкын айтылган макала жарыяланган. Ушу сыяктуу изилдөөлөрдүн натыйжасында араб дүйнөсү Ч.Айтматовду билип, тааныган". Ирандык


изилдөөчү, профессор Бахрам Амирахмадиандын маалыматтары боюнча, Ч.Айтматовдун перс тилине которулган биринчи чыгармаларынан болуп "Жамиля", "Саманчынын жолу",


"Гүлсарат", "Эрте учкан турналар", "Ак кеме"аңгеме-повесттери болгон. 2009-жылы Тегеран жана Тебризде 5-томдук чыгармаларынын жыйнагы басмадан чыккан.


Ч.Айтматовдун чыгармалары ирандык жазуучуларга жана окуурмандарга оң таасирин берген, улууларды урматтоо адаты терең сыйга ээ болгондугу, айылдык коом менен көчмөндордүн жашоо салттары иран


маданиятына жакын келет. Ч.Айтматовдун чыгармаларында сын менен чагылдырылган Советтик Союзунун жабык режими Ирандагы шах режимине окшоштугу болгон. Ч.Айтматовдун чыгармаларында көтөрүлүп


келген адам менен жаратылыштын жашоо аспектилери дагы бизге замандаш ирандык жазуучулардын чыгрмаларында чагылдырылып келген . «Беларус эли улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовду чын жүрөктөн


сыйлашат, ага таазим кылышат. Анын көпчүлүк чыгармалары беларус тилине которулган, жалпы мектеп программасына киргизилген, ошондой эле республиканын жогорку окуу жайларындагы атайын илимий


борборлордо изилденет. Жазуучунун өлбөс-өчпөс мурасынын таалим-тарбиялуулук мааниси чоң, өзгөчө жаш муундар үчүн. Жазуучунун чыгармачылыгы элдерди бириктирип, коомдун пайдасы үчүн жашоого


үйрөтөт, адамды руханий жактан калыптандырат. Чындыкты каармандар аркылуу чагылдыруу менен, окуурмандардын аң-сезимине таасир калтырат», - деп баса белгилейт Беларус Республикасынын


Кыргызстандагы элчиси Валерий Брылев . «Евразия» жазуучулар фондусунун төрагасы Якуб Делиөмөроглы: "Ч.Айтматов - кыргыз маданияты Орто Азиянын табиятына сүйүү менен махабатты


орноштурган, кээде кыргыз мифологиясын кайрадан жандандырып дүйнө жүзүнө тааныткан, адам баласынын маңкуртташуусуна жана маңкуртташтырылуусуна каршы чыккан, кээде космос мейкиндигинен бир


кемеге отуруп алып дүйнө жүзүнө «эл журт, токтогула, бул жол - туюк жол» деп үндөгөн чагылган сыяктуу манасчы эле" . Татарстандык окумуштуу Фоат Галимуллин: «Ч. Айтматов түрк элдеринин


маданияты менен агартуучулугунун өнүгүшүнө татар элинин салымын жогору баалаган. Кыргыздын улуу эпосу «Манасты» изилдөөгө көп салым кошушкан татар окумуштуулары Хусаин Фаизханов, Калим


Рахматуллин, Мадина Багданова, Абдукаим Мифтаков жана башкалардын эмгектерин өзгөчө белгилеген» . Биздин замандаш, Казахстан жана Кыргызстандын эл акыны, жакын досу жана авторлошу, мурдагы


Казахстандын Кыргызстандагы элчиси Мухтар Шаханов 2013-жылы 13-ноябрда Ч.Айтматовдун мавзолейинин ачылуусундагы мындай деп айткан: "Чыңгыз Айтматовдун жаратканын эч ким кайталай албайт,


ал кыргыздарды, казактарды, бардык түрктөрдү дүйнөгө даңктады, дүйнөлүк адабияттын улуу инсаны болду жана кала берет... Ооба, Чыңгыз Айтматов - экинчи Манас, Манаска тең инсансың, ар бир


күндүк акыл-ою менен байытылган дем берген сөзү менен ааламдын жарааттарын дарылаган (айыктырган), чыныгы эле Ала-Тоодон бийик - Чыңгыз-Тоосу болосуң" Казак эл акыны Олжас Сулейменовдун


пикиринде «Казак жаратылышы, талаалыктар бейнеси М.Ауэзовдон кийин планеталык өлчөмдө Ч.Айтматовдун романдарында көрүндү. Муну биз ыраазычылык менен айтабыз. Чыңгыз Айтматов феномени


тууралуу мындан кийин да көп айтыла берет. Өзүн Евразияда миң жылдыктардын тогошуусунда таанытуусу кокустук болбогон ушул инсанды ой-электен өткөрүп, билүү - түшүнүү үчүн убакыт керек» , -


деп туура белгилейт биздин замандаш. «Ч. Айтматов өзбек элинин чыныгы досу эле. Анын Миртемир, Зульфия ханум, Адыл Якуб, Пиримкул Кадыров, Түлөпберген Кайыпбергенов, Абдулла Арипов сыяктуу


акын-жазуучуларга карата айткан сөзү өзбек элинин жүрөгүнө сыймык тартуулайт. Өзбек эли өткөн кылымдын 80-жж. болгон «өзбек окуясында» (Советтик бийлик өкүм зордукчулук менен Өзбекстандын


ошол учурдагы айрым жетекчилерин жеп-талоончул кылып ашкерелөө аркылуу бүткүл өзбек элинин абройуна шек келтирүү аракети болгондо - авторлордун ачыктамасы) Айтматовдун биздин элди коргоп


айткан сөзүн эч качан унутпайбыз. Кезинде Ч. Айтматов өз макаласында өзбек маданиятын байыркы Византия маданияты менен салыштырып кеткен» - деп өз ыраазычылыгын билдирген Өзбекстан


Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Зиядулла Пулатходжоев . Өзбекстандык окумуштуу профессор Акмаль Саидовдун пикиринде, «өзбек эли байыркы эпос айтуучулуктан Ч. Айтматовдун адабиятына


өзүнүн эне тилинде өтүп жана аны менен биргеликте адамзаттын дүйнөлүк маданиятынын казынасына жетишти» . Ал эми, Азербайжан жазуучулар уюмунун төрагасы Рызаев Расулоглынын (Анар): «Жалпы


түрк тамырыбыз бир кыргыз эли, биз, азербайжандар дагы сыймыктанган чоң жазуучу Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө белек кылды»,-деген аныктамасына ар бир чыгармачылыкты баалаган адам кошулат деген


ойдобуз. Дагы бир Азербайжан жазуучусу Сабир Рустемханлы: «Батыштын көркөм чыгармаларды жазуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн Чыңгыз Айтматов, кыргыз элинин бүтүндөй жашоосун, мифологиялык


түшүнүктөрүн жогорку денгээлде чагылдырып, дүйнөлүк адабиятка алып чыкты. Анын чыгармаларында козголгон маселелер жалгыз гана кыргыз элине таандык эмес, жалпы адамзатка тиешелүү проблемалар


экендигин көрсөтөт. Аларда ал кыргыздын Ысык-Көлү, талаалары, мифологиясы, шаманчылыгы жана байыркы түрктөрдүн диндери жөнүндө сөз кылуу менен кыргыз элинин аруулугун жана бийиктигин


даңазалаган»,-деп айткан. Эл аралык «Евразия баарлашуусу айдыңы» («Dialog Avrasya Platformu") коомунун төрагасы Нурлан Орозалиндин пикиринде: «Ч. Айтматовдун ысымы - бир улуттун, бир


элдин, бир мезгилдин гана ысымы эмес, бул ысым - улуулуктун үлгүсү катары кылымдар бою уланып, мезгилдерден-мезгилдерге, жалпы элдик, жалпы түрктөштүк, жалпы адамзаттык өлчөм менен бааланып


сезимдин бийигинен орун алган ысым». Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти, академик Аскар Акаев Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдык мааракесине байланыштуу өзүнүн сөзүндө ал жөнүндө таасын


минтип белгилейт: "Чыңгыз Айтматов - биздин улуттук сыймыгыбыз. Кыргыз элинин XX-кылымдагы маданий ренессансы, албетте, урматтуу Чыңгыз Төрөкуловичтин ысымы менен байланыштуу. ....


Гениалдуу сүрөтчү, улуу жаратуучунун кыргыз жеринде пайда болушу - жөн жерден эле пайда болгон окуя эмес. .... Ар бир Айтматовдун жаңы бийиктиктерге жетишкени, элибиздин намысын жана кадырын


көтөрмөлөдү. Элибиздин улуу руханий таянычы болгон Чыңгыз Айтматовго биз ар-дайым тагдырыбызга ыраазы болушубуз керек" . 2011-жылы 30-августта улуу жазуучуга Бишкек шаарында орнотулган


эстеликти ачуу аземи учурунда Кыргыз Республикасынын үчүнчү Президенти Роза Отунбаева мындай деген омоктуу оюн билдирген: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары эң оболу дүйнөгө жөнөкөй акыйкатчыл


кыргызстандыктарды таанытты. Биз, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын бийиктеги жарык жанган алтын жылдыздай маданий мурастарыбыздын катарында аздектеп сакташыбыз керек". 2013 жылдын 13


ноябрында Бишкекте өткөн кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык "Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттар диалогу жана


цивилизациялардын жакындашуусу" аттуу форумунда Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) жетекчиси Александр Жирков чын жүрөктөн чыккан сөздөрүн айткан.


"Биздин Саха театрынын тарыхында документ бар. Анда Ч.Айтматовдун кызы Ширин Чыңгызовнанын, кичи класстын окуучусу, спектаклды көргөндөн кийинки ыйлаганы, жана жазуучу өзү артисттерге


чыгып, "Бул меники. Мен ушуну жеткизгим келген" деп айткан сөздөрү жөнүндө эскерүүлөр сакталган. Бул эң бийик баа берүү. Биздин чакан, акылман түндүк түрк эли Чыңгыз Төрөкуловичтин


"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестиндеги: "Биз, адамдар, кичинеси да, чоңу да, баардыгыбыз, жашоонун жээксиз океанында бир кайыктабыз. Кайыкты сактагыла, теңселтпегиле.


Ал эми кайык туруктуу болуш үчүн, баарыдан мурда, бир-бириңерди сактагыла" деген мурасын терең сезип түшүнөт. Биздин каалаганыбыз, башка элдер дагы ушуну түшүнсө. Жакында Якутиянын


рудниктеринен жетишерлик ири салмактагы 53 карат алмаз табылган. Республиканын жетекчилиги жана "АЛРОСА" компаниясынын чечими менен алмазга Чыңгыз Айтматовдун аты


берилген",-деген Жирков. ДӨӨЛӨТБЕК САПАРАЛИЕВ - К.КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН КАФЕДРА БАШЧЫСЫ, ЭЛ АРАЛЫК ЧЫҢГЫЗА АЙТМАТОВ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ, ПРОФЕССОР.